Бул сайт жашы эрезеге жеткендерге гана арналган.

Компания

2003-жылы апрелде АЮ” компаниянын заводунун конвейеринен жогорку сапаттагы арак-шарап продукциясынын биринчи партиясы чыккан! Ушул учурдан баштап компаниянын ургаал өнүгүүсү жана ата мекендик рынокто анын продукциясын таанытуу-билгизүү башталды. Негизделген күндөн баштап «Аю» компаниясынын заводу алкоголдук тармакта лидер катары ойлонуштурулган.  

Иштей баштаган биринчи күндөн тартып эле компания өзүн ишенимдүү көрсөтө алды жана өзүнүн атаандаштары менен бирдей деңгээлге чыкты. Бүгүнкү күндө «Аю» компаниясы Кыргызстандын алкоголдук тармагында лидер деп таанылды.

«АЮ» компаниясынын заводу жогорку өндүрүштүк дараметке (потенциалга) ээ.  Өндүрүштүн кубаттуулугу россиялык, америкалык, япондук, немецтик алдыңкы өндүрүүчүлөр чыгарган өндүрүш жабдууларынан турат. Алкоголдук продукцияны куюучу автоматтык линиялар, сапатты катуу көзмөлдөө, ошондой эле жылдардын сыноосунан өткөн иштин схемасы –  «АЮ» заводунун ийгилигинин башкы көрсөткүчү мына ушулар.

Ишкана КРдин экологиялык таза зонасында жайгашкан. Завод курулган жер кокусунан эле тандалып калган эмес – жетекчилик өзүнүн скважинасын бургулап, таптаза артезиан суусун түздөн-түз алууга мүмкүн боло турган жерди издеген. Орусиялык жана казакстандык адистер жабдууну артезиан суусу скважинадан  эле түптүз «Pentair California Industrial Technologies» (АКШ) ишканасында чыгарылган мембраналык тазалоо системасына бара тургандай орнотушкан. Тазалоо жана жумшартуу системасында чыпкалоочу нукура элементтер, анын ичинде казылып алынуучу көмүрлөрдүн эң байыркысы болгон антрацит колдонулат.

Арак чыгаруудагы эң маанилүү компоненттердин бир – спирт, ага заводдо зор көңүл бурулат. Алкоголдук продукция өндүрүүдө Токмок спирт заводунда чыгарылган «Люкс» классындагы спирт жана бешинчи муундагы "Альфа" спирти колдонулат. 2008-жылы ишкана «Сапаттын алтын тастык каты» менен сыйланып, эл аралык «Global Quality Program» программасынын символикасын колдонуу укугуна ээ болгон.

Заводдо эң жаңы жана эң заманбап технологиялар активдүү киргизилүүдө. Кыргызстанда жалгыз гана “АЮ” компаниясы платина жана күмүш чыпкаларды колдонот. Өндүрүш процессинде сорттоочу атайын идиштерде спирт жумшартылган суу менен врвлвштырылат, алынган суу-спирт ароалашмасы басымы бар атайын идишке (чанга) жиберилет, ал жерде аны чыпкалар менен көп баскычтуу тазалоо башталат. Тазалоо аяктагандан кийин бекитилген рецептке ылайык бардык компоненттер кошулат. Арак продукцияларын өндүрүүдө көбүнчө аларга кайталангыс даам жана жыт берүүчү нукура кошулмалар пайдаланылат.

Аяктоочу этабында аракка кристаллдай жалтылдаган тунуктук берүү үчүн сайкалдоочу «SARTORIUS» (Германия) чыпкасы колдонулат, андан кийин арак бир канча мезгил тундурулат же технологдор айткандай – эс алат, ушундан кийин арактын даамы жумшарат жана төгөрөгү төп келет.

Өндүрүштүн ар бир этабында заводдун лабораториясы продуктунун сапатын, ошондой эле физика-химиялык, органолептикалык көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөп турат. Лаборатория арактын жана спирттин тыгыздыгын (кубаттуулугун) өлчөөчү австралиялык ультразаманбап "Anton-Paar" жабдуусу, спиртте жана аракта уулуу аралашмалардын бар-жогун текшерүүчү япониялык "SHIMADZU 2010" хроматографы менен жабдылган. Лабораториянын базасында түзүлгөн, дайыма иштөөчү атайын дегустациялык комиссия чыгарылуучу продукциянын бекитилген талаптарга жана нормаларга шайкеш келер-келбесин көз карандысыз көзөмөлдөйт жана өзүнүн тыянактарын жана сунуштарын берип турат.

“АЮ” компаниясы өндүрүштүн темпин тынымсыз тездетип, чыгарылуучу продукциянын ассортиментин кеңейтип жана сапатын өркүндөтүп турат. Бүгүнкү күндө ишкана самогон, настойкаларды, бальзамдарды, күчтүү эмес ичимдиктерди, ошондой эле 50дөн ашык аталыштагы арак продукцияларын чыгарат.

Заманбап технологияларды колдонуунун жана кесипкөй мыкты команданын аркасы менен “АЮ” компаниясы жогорку сапаттуу, атаандашууга жөндөмдүү  жана базарда өтүмдүү, баасы көпчүлүккө жетимдүү продукция чыгарып жатат.

АЮ заводунун схемасы